Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 257

Мурунку депутат Садыр Жапаровду колдоо митингинде Ак үйдүн кызматкерлерине кол салган аял №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мурунку депутат Садыр Жапаровду колдоо митингинде Ак үйдүн кызматкерлерине кол салган аял №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, Ч.Н. (аял киши) №1 абакта 4-майга чейин камакта болот.

2-мартта Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрдү. Митингдин жүрүшүндө уюштуруучулар сөз сүйлөп, бир катар талаптарды айтышты. Анын эң негизгиси — Садыр Жапаровду камактан бошотуу болду.

Митингге чыккан аялдар Ак үйгө барып, депутаттар менен жолугушууну талап кылышкан. Алардын арасындагы айрым аялдар Ак үйдөн чыгып жаткан кызматкерлердин жолун тосуп, кол салышкан болчу.

Булак: Баракелде