Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 230

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү-рэкеттер акча алып жатышкан жеринде кармалышты.

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү-рэкеттер акча алып жатышкан жеринде кармалышты. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен маалымдашты. 

Маалыматка караганда, милицияга жеке ишкер кайрылган. Тааныш эмес адам аны коркутуп-үркүтүп акчасын алып, а түгүл мүлкүнө дагы ээлик кылгандыгын ачыктаган. Мындан тышкары ишкерди “Опель” айтоунаасын алардын наамына каттатууга дагы мажбурлашкан. 
Мунусу аз келгенсип, акыркы 3000 долларын деле тартып алган. А жалпысынан, он үч миң дооларга мыйзамсыз ээлик кылышкан. Ишкер айласы таптакыр куруганда, укук коргоо органдарына кайрылган. 
Ошондуктан, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милициясы ОИИБнын ыкчам отряды менен биргеликте атайын операция уюштуруп, аталган кылмышкерлер 2800 долар алып жатканда тузакташты. 
Кылмышкерлердин бирөөсү 1973-жылы туулган Р. З. мурда дагы соттолгон. Эми минтип бул кылмыштуу жоруктун башка катышуучулары дагы такташтырылууда.

Булак: "Майдан.kg" газетасы