Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 228

Октябрь райондук сотунун чечими менен блогер Элмир Сыдыманов (Sydyman) №1 убактылуу кармоочу жайга (СИЗО-1) киргизилди.

Октябрь райондук сотунун чечими менен блогер Элмир Сыдыманов (Sydyman) №1 убактылуу кармоочу жайга (СИЗО-1) киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында ал 2 ай камакта болот.

Буга чейин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 1997-жылы туулган Сыдымановду Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кармашкан.

Ал өзүнүн Инстаграм баракчасынын түз эфиринде Кыргызстандын кээ бир облустарынын тургундары жөнүндө терс пикирин айткан.

Булак: Баракелде