Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 161

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровду колдоо штабына белгисиз жарандар тарабынан үн тыңшагыч жабдыгы орнотулган.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровду колдоо штабына белгисиз жарандар тарабынан үн тыңшагыч жабдыгы орнотулган. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, «102» кызматына кечээ, 17-февралда кечки саат бештер чамасында билдирүү түшүп, Жапаровдун тарапташтары «Илбирс» мекемесинде жайгашкан штабдын ичинен үн тыңшагычка ошкош жабдык табылганын билдиришкен. Окуя болгон жерге ыкчам тобу барып, 3-кабаттагы кабинеттен аталган жабдыкты табышкан.

Ошондой эле Ж.Д. аттуу жаран дагы арыз менен кайрылып, аталган жабдыкты орноткон белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган.

Бул факт Жазык кодексиндеги 186-берене (жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Баракелде