Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 206

Прокуратура шайлоо алдында жарандардын жапырт катталуусу боюнча Ош шаарынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө эскертүү берди

Прокуратура шайлоо алдында жарандардын жапырт катталуусу боюнча Ош шаарынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө эскертүү берди

Башкы прокуратура шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо алдында Ош шаарына жарандар массалык түрдө туруктуу жашоого катталып жатканына байланышкан макалалар боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет:

«Акыркы күндөрү өлкөнүн маалыматтык каражаттарында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо алдында Ош щаарына жарандар жапырт түрдө туруктуу жашоого катталып жатканына байланышкан макалалар байма-бай жарыяланып келди.

Атап айтсак, 2020-жылдын 7-февралында айрым маалыматтык агенттиктер Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын окутуучулары, факультеттердин декандары студенттерди тийиштүү аймактарга каттоого тургузуу үчүн паспортторун бергенге мажбурлап жатышканын жазышкан.

Паспортун берген студенттерге окуудагы жетишкендиктерине жардам көрсөтүү, ошондой эле башка материалдык сый акылар дагы убадаланган.

Аталган факт 2020-жылдын 7-февралында Ош шаарынын Шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын ЖКнин 39-192-б. (шайлоочулардын добушун сатып алуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Мындан сырткары, шайлоо алдында Ош шаарына жарандардын жапырт катталуусу боюнча маалыматтык агенттиктердеги макалаларын иликтеп чыгуунун жыйынтыгында 2020-жылдын 12-февралында Ош шаарынын прокуратурасы Ош шаарынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүнүн Н.К. аттуу жетекчисине мыйзамдарды бузуу фактысын болтурбоо боюнча эскертүү берди.

Прокуратура органдары келе жаткан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү маалында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөнү улантып жатканын белгилейбиз», – деп билдирген Башкы прокуратура.

Булак: VESTI.KG