Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 176

Курсан Асановдун иши боюнча алдын ала соттук угуу башталды

Бүгүн, 14-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун иши боюнча алдын ала соттук угуу башталды.

Соттук отурум судья Адылбек Эсенбаевдин төрагалыгынын алдында жабык режимде өтөт. Сотко мурунку вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, айыпталуучулар — Курсан Асановдун айдоочусу Пайзылда уулу Дамирбек жана «Чындык» басылмасынын редактору Турсунбек Бейшенбеков келди.

К.Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулганы 2019-жылдын 13-августунда белгилүү болгон.

8-августта К.Асанов Кой-Ташта мурунку президент А.Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ички иштер министрлигинин расмий маалыматында К.Асанов Кой-Ташта өзүн пиарлоо менен алектенгени айтылган.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенип, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип, окуянын жүрүшүн видеотасмага тарттырганы, курал-жарактарды кармаганга болбостугуна, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала турганына, фото-видеого атайын кызматкерлер гана тарта турганына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталган. Бул анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болду», - деп айтылган маалыматта.

Кийинчерээк К.Асанов кызматынан бошотулушу боюнча билдирүү таратып, ИИМдин айыптоолоруна макул эмес экенин айткан.

Булак: Баракелде