Америка менен Европадагы сайттардын жардамында денеси аркылуу акча таап келген бишкектик 24 жаштагы кызга соттун өкүмү чыгарылды.
Ал мындай жумушун Бишкектеги батирде жасап жүргөн.
Октябрь райондук соту ишти карап чыгып, айыпталуучуну күнөөлүү деп тапты. Ал 2019-жылдын сентябрь айында Скрябин көчөсүндө жайгашкан батирде «интернет модель кыздар» үчүн атайын жай — студия уюштурган. Ал жай атайын жабдыктар, керектүү буюмдар менен да камсыздалган.
24 жаштагы кыз Жоруктар кодексиндеги «порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды жайылтуу» беренеси менен айыпталып, 30 миң сом айып пул салынды.
Булак: Баракелде