Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу КР Акыйкатчысынын басма сөз кызматы кабарлады.
Окуя 4-январь күнү Торгоев көчсүндөгү кафенин жанында орун алган. Жети-Өгүз районунун Богатыревка айылынын Б.С. аттуу тургуну, 33 жаштагы келин өзүнөн эки жаш улуу атуулдук никедеги күйөөсү менен урушуп кеткен. Натыйжада, 35 жаштагы Ак-Суу районунун Маман айылынын жашоочусу чогуу жашап келаткан аялына бензин чачып, ширеңке менен күйгүзүп ийген соң, куйрук түйгөн.
9-январда КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгынын кызматкерлери өрттөнгөн аялдан кабар алган. Абалы канааттандырарлык. Ысык-Көл областык ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланып жатат.
Бул факт боюнча кылмыш иши тергелип жатат. Күйөө сөрөй эки ай мөөнөткө камакка алынган.