Үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулуктардын күч алуусу жалпы эле мамлекетибиздеги үй-бүлө очогунун урай баштагандыгынын белгиси эмеспи?
1-январга караган түнү медиктер Нарын облусунун Жаңы-Жол айылындагы үйлөрдүн бирине келип, бети канталап көгөргөн 36 жашар аялдын денесин табышкан. Маркумдун күйөөсү милицияга жубайын сабаганын, муштум менен эки жолу бетке согуп, кулап калгандан кийин башына тепкилегенин айтып берген.
Аялдын артында эки баласы калган. Милиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.
Ал эми 4-январда Баткендин тургуну күйөөсүнүн ур-токмогунан кийин жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Маркумдун артында үч баласы калган. 27 жашар аялдын денеси канталап көгөрүп калган, буттарында күйүк жерлер болгон.
Жубайынын өлүмүнө шектүүгө каршы “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Ал эки айга камалган.
ЖМКлар мындай адам өлтүрүүлөр тууралуу дээрлик ай сайын кабарлап турганы менен бул ачыкка чыгып кеткен учурлар гана. Милиция 2019-жылы күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза тапкан аялдардын өлүмү тууралуу маалыматтарды бир нече ирет ырастаган. Ага ылайык, алардын арасында октон, бычактан жарадар болгондор да бар. Ушундай кылмыштар Кыргызстандын бардык облустарында болуп келет.
Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкө аялдарынын көпчүлүгү - 83 пайызы бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан.
Жаңы жылдын алгачкы аптасында катталган бул эки кайгылуу окуя коомчулуктун тынчсыздануусун жаратып, жаш балдар менен аялдарга ыдык көрсөткөндөргө жазаны күчөтүүнү сунуш кылышууда. Үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулуктардын күч алуусу жалпы эле мамлекетибиздеги үй-бүлө очогунун урай баштагандыгынын белгиси эмеспи?
Булак: “Майдан.kg” гезити, №01 (436), 09.01.2020-ж.