Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 484

Бишкек, “Саясат.kg”. КР Ички иштер министрлиги А.Атамбаевге байланыштуу кылмыш ишин иликтеп жатат.

 

8-9-августтагы Кой-Ташта орун алган окуялар боюнча саясатчы Равшан Жээнбековду, ЖК депутаттары И.Карамушкина менен А.Кодуранованы суракка алуу зарылдыгы келип чыкканын ИИМдеги өздүк булактар кабарлады.

 

Учурда Р.Жээнбековдун кайда экендиги белгисиз. А.Кодуранова суракка өз каалоосу менен келерин айткан. Ирина Карамушкинаны болсо “Форум” имаратынан ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып келишти.

 

Учурда Атамбаевдин пресс-катчысы, КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева сурак берип жатат.

 

Кой-Таштагы тирештен УКМК атайын бөлүгүнүн бир кызматкери каза тапкан. 50дөн ашуун адам жаракат алган. Мындан тышкары, кечээ агрессивдүү топ Кой-Ташта жол четинде токтоп турган автоунааларды талкалаган, Бен-Күнгөй милициясынын имараты өрттөлгөн. Атайын даярдалган 1,5 миңдей адам Бишкекте башаламандык уюштуруу аракети жасаган. Дүкөндөргө чабуул пландалган. “Коопсуз шаардын” айрым камералары талкаланган. Башаламандык боюнча 40тай адам кармалган.

 

Кой-Ташта УКМКнын атайын бөлүгүнүн кызматкерлерин барымтага алуу иши боюнча шектүүлөр ИИМ тарабынан аныкталып, учурда аларды издөө иши улантылып жатат.

Тема: