Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 208

Бишкек, “Саясат.kg”. Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы кадимки тейде иштеп жатат. Бул тууралуу Чүй ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, кечээки Кой-Таштагы тирешүү учурунда агрессивдүү маанайдагы адамдардын тобу тополоң салышып, четте токтоп турган унааларды талкалашкан, андан кийин Беш-Күңгөй айылдык милициясы жайгашкан имаратты өрттөшкөн. Учурда бул башаламандыктын айынан жөнөкөй жарандарга келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. ПОМ имаратына келтирилген залака да такталат.

 

Учурда эл менен иштеп жаткан милиция кызматкерлери мыйзамсыз иш-чараларга катышуу тууралуу жоопкерчилик нормаларын түшүндүрүшүүдө. “Ультиматумдар, башаламадыкты уюштуруулар эч нерсеге алып келбейт. Өлкө ичиндеги тартип мыйзам чегинде корголот”- деп билдирет Чүй ИИБси.

Тема: