Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 185

ИИМдин басма сөз катчысы билдиргендей, Фарид Ниязов «Альфанын» атайын багыттагы бөлүгүнүн кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча кармалган.

 

Атамбаевдин өкүлү Кундуз Жолдубаева Ниязов кармалганын тастыктады. Анын айтмында, ал 48 саатка убактылуучу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми Жолдубаевнын өзү күбө катары суракка алынып, коё берилген. Бирок 9-августта саат 12де кайра суракка чакырылган.

 

«Суракта спецназчыларды эч ким барымтага албаганын, тескерисинче аларды ачууланган адамдардын тобунан куткарып калышканын айттым. Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы карала элек. Ишти ИИМдин тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат», — деди Жолдубаева.

 

Булак: "Kloop"

Тема: