Үсөндүн 6 баласы бар болчу

 

Кой-Таш айылында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө атайын операция жүргүзүүдө каза болгон жоокер, УКМКнын "Альфа" атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков болгон. Ал 46 жашта болчу. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакыт Исаков билдирди.

 

Белгилей кетчү нерсе, буга чейин массалык маалымат каражаттарында каза болгон жоокер 22 жашта болгондугу кабарланган.

 

“Кабар” агенттигине маркумдун туугандары кабарлашкандай, анын артында жубайы жана алты баласы калды.

 

“Маркумдун төшүнө ок тийген. Ок анын жүрөгүн жана өпкөсүн тешип өткөн. Анын өпкөсүндө 3 литрге жакын кан толуп, операция жасоо учурунда жүрөгү токтоп калган”, - деп КТРКнын эфиринде Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабыр Жумабеков билдирген.

 

"Кабар"

Тема: