Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 200

Бишкек, “Саясат.kg”. КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн иш-аракети менен туугандары “дайынсыз жоголду”- деп издеп жүрүшкөн жаран табылды.


2019-жылдын 30-июнь күнү КР ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн ыкчам байланышына Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жыйырма сегиз жаштагы К.К. аттуу тургуну дайынсыз жоголгон 1998-жылы туулган С.Э. аттуу тууганын табууга жардам берүүнү суранып кайрылган. Маалым болгондой, дайынсыз жолголду делген кыз ушул жылдын апрель айында Россияга келген жана Москва шаарында иштеп жүргөн. Кийинчерээк ал туугандары менен байланышы
үзүлгөн.


Телефон менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, тууганына Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык Москва шаарынын аймагында дайынсыз жоголгон тууганын кандай жолдор менен издөөнү уюштуруу керектиги боюнча түшүндүрмө берилген. Туугандары тарабынан өз алдынча издөө оң жыйынтык бербеген соң, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1978-жылы туулган А.К. аттуу жаран (дайынсыз жоголгон кыздын энеси) Москва шаарына учуп келип, ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө кайрылган.


Өкүлчүлүктин кийлигишүүсү менен Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча бөлүмүнүн аймактык түзүмү тарабынан дайынсыз жоголгон жарандын кайда экендигин тактоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Көрүлгөн тиешелүү чаралардын натыйжасында дайынсыз жоголгон С.Э. аттуу кыз Москвада табылган. Ал өзүнүн түшүндүрмөсүндө Москвага акча каражатын табуу максатында иштегени келгендигин, ал эми уюлдук телефонун жоготуп алгандыгы үчүн туугандары менен байланышпай калгандыгын, кийинчерээк жашаган жерин алмаштырып, өзү кайда жүргөндүгү жөнүндө маалымдаганы жетишпей калгандыгын билдирген.


Андан соң, туугандар мекенине кайтууну чечишкен, анткени С.Э. аттуунун жашы жете элек кызы бар болгондуктан энеси менен Бишкекке учуп келди. Бул маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Тема: