Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 499

Бишкек, “Саясат.kg”. Бул укалоо салонун таптакыр башка кызматтарды көрсөтүп келгендиги тастыкталды. 

 

Жакында, Ош шаарындагы кичирайондордун биринде укалоо салонунун аты менен сойкулук менен алектенген көмүскө жай иштеп жаткандыгы  жөнүндө маалымат келип түшкөн. Жергиликтүү тургундар арыз менен ички иштер органдарына кайрылып, күмөн ойлорду жараткан мекемени текшерүүнү суранышкан.

 

Арызда, элиталык үйлөрдүн биринде белгисиз адамдар сойкулук менен алектенүү жана  акыга интим кызматын көрсөтүү үчүн көмүскө жай уюштурушкан. Милиция бир нече жолу текшерип, топтолгон материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катташкан.

 

ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан КР Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.

 

Ушул жылдын июнь айынын аягында тергөөнүн тапшырмасы менен жогоруда көрсөтүлгөн даректе ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Аталган салондо бир нече кыздар бар болуп чыгып, анда укалоонун, анын ичинде эротикалык укалоонун бир нече түрүн сунуштап келишкен. Бирок, мекемеде бир дагы укалоо столу болгон эмес. Анткени, болжолдуу маалымат боюнча, салон делип, бирок интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жай экени айтылууда.

 

Кардарларга экзотикалык укалоо кызматтарын көрсөтүү учурунда бир нече жумушчулар

кармалышкан.  Кармалган төрт аял тергөө органдарына жеткирилип, алардын көбү башка аймактардан келгендиги маалым болгон. Кармалган жарандардын бири укалоо салонунун аты менен сойкулук менен алектенүүнү үчүн көмүскө жайды  уюштурууга шектелүүдө.

 

Жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Тема: