Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 221

Бишкек, “Саясат.kg”. ИИМдин расмий түшүндүрмөсү 

Башкы прокуратура КР ИИМдин Тергөө кызматына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишине сотко чейинки өндүрүштү уюштурууну тапшырган.

 

КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А.Батукаевге “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагнозун коюп, диагнозту тактоодо фактыларды жасалмалаган.

 

2013-жылдын 23-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ А.Батукаевге мурда коюлган “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагнозун жокко чыгарып, диагнозду тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн.

 

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун Р.А., М.Э., жана Ц.И. аттуу мурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары жарыяланышкан. Акыркы экөөнө карата сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

 

А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын медициналык жумушчулары А.А. менен Ф.А. аттуулар кармалышып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми Б.К. жана А.А. аттууга карата сот тарабынан сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы, А.Ф. аттууга карата эки айга камакка алуу чарасы тандалган.

 

Андан сырткары, А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. (Динара Сагинбаева) менен Өкмөткө караштуу ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. (Калыбек Качкыналиев) кармалган. Кармалгандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийинчерээк сот тарабынан мурдагы саламаттык сактоо министри Д.Сагинбаева үй камагына чыгаруу чечими менен боштулган.

 

Шектүүлөр коррупцияга катыштыгына, документтерди жасалмалоого катышууга жана кызматтык жасалмачылыкка шектелишүүдө.

 

Кылмыш ишинин алкагында  мурдагы ички иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев дагы сурак берген.

 

2019-жылдын 21-май күнү, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын экс вице-премьер-министри Шамиль Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген. КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ш.Атаханов кармалып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Ошондой эле, кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында органдарда жана жаза аткаруу тутумунун мекемесинде мыйзамдарды аткаруу үчүн экс атайын прокурор М.А. кармалып,  ага карата сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

2019-жылдын 3-июнь күнү иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова суракка алынып, КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

 

Соттук өндүрүш боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Тема: