Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 246

Башкы прокуратуранын чечмелөөсү...

 

Соттун чечими менен беш жылга эркинен ажыратылган УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент А. Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин кызмат абалынан кантип кыянаттык менен пайдалангандыгын Башкы прокуратура баяндап берди.

 

Көрсө, ал аталган башкармалыкты жетектеп турган 2016-2017-жылдар аралыгында өзүнүн санаалаштарынын кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалы менен кыянаттык пайдаланып, КРнын Турак-жай кодексин одоно бузуу менен, жалпы кезекти эске албай, кызматтык турак-жай алуу үчүн көптөн бери кезектин биринчи сапарында турган башка кызматчылардын укугун бузуу менен жогоруда айтылган кезектин акыркы орундарында тургандарга батирлерди мыйзамсыз негизде бөлүштүргөн деп айыпталган.

 

Мындай мыйзамсыз түрдө ал 15 кызмат батирин бөлүштүрүп берген, анын ичинде мурда батир алган үч кызматкерге кайрадан турак-жай берилип калган.


Мусакеевдин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында турак-жай менен алдыңкы кезекте камсыз болууга чындыгында муктаж 9-башкармалыктын 18 кызматкери батир албай калган.

 

Аталган факт жабырлануучулардын арызынын негизинде УКМК тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүлөрдөн кийин аныкталган. 2018-жылдын 27-ноябрында Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгында 2019-жылдын 7-февралында Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы Дамир Мусакеевге Кылмыш-жаза кодексинини 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) кылмышка шектүү катары каралып жатканы боюнча билдирүү жөнөткөн.

 

Кызматтык батирлерди мыйзамсыз алган УКМКнын кызматкерлеринин тизмеси:

1. Н.С. (эки жолу, тизмеде №135-кезекте турган);
2. Т.С. (9-Башкармалыкка тиешеси жок);
3. Р.Т. (9-Башкармалыкка тиешеси жок);
4. В.В. (кезекте №294-орунда турган);
5. И.А. (кезекте №253-орунда турган);
6. Э.К. (эки жолу кезекте №157-орунда турган);
7. И.В. (кезекте №153-орунда турган);
8. Т.Д. (кезекте №106-корунда турган);
9. Т.Ж. (кезекте №56-орунда турган);
10. Т.А. (кезекте №98-орунда турган);
11. Т.Б. (кезекте №86-орунда турган);
12. У.Б. (эки жолу кезекте №143-орунда турган;
13. А.Б. (кезекте №60-орунда турган);
14. Д.З. (кезекте №94-орунда турган);
15. Ж.Б. (кезекте №121-орунда турган);

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: