Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 194

Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу КР ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады. 

 

2019-жылдын 20-май күнү ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын  кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстан Республикасынын 1994-жылы туулган Б.Т. аттуу жаранын аныкташып кармашты. Жогорудагы жаран Казакстандын Чыгыш-Казакстан облусунун Полиция департаментинин Криминалдык полиция башкармалыгы тарабынан Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 1-бөлүмү (терроризмге үгүттөө жана ачык түрдө террористтик актыларды жасоого чакыруу) менен 313-беренесинин 1-бөлүмү (ырайымсыз зомбулукту жана кыйноолорду пропагандалаган чыгармаларды мыйзамсыз жайылтуу) боюнча издөөгө алынган. Кылмыш иши 2018-жылдын май айында козголуп, ошол эле айда издөө жарыяланган.

 

ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын  маалыматы боюнча аталган жаран Бишкек шаарында батирде жашап жүргөн.

 

Учурда кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

 

 

Тема: