Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 319

М.Мамытканов: "Көмүскө ташылып келген бензинди Бажы кызматы текшерип жатабы?" 

 

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов күйүүчү-майлоочу майды аткезчилик жол менен ташуудан Кыргызстандын бюджети жылына 5 млрд. сомдон ашуун жоготуп жатканын айтып чыкты.

 

Максат Мамытканов Токмоктон Бишкекке чейинки жолдо аткезчилик менен Казакстандан ташылган күйүүчү май сатылып жатканын билдирди.

 

Анын айтымында, аткезчилик менен келген күйүүчү майдын наркы май куюучу станциялардагы бензиндин баасынан он сомго арзан. Анын жеке иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген күйүүчү майдын көлөмү жылына болжол менен 1 млрд. литрден ашат.

 

Анын ар литринен 4 сомдон салык түшпөй жатканын айткан М.Мамытканов мамлекеттик бюджет аткезчилик менен кирген күйүүчү майдын айынан жылына 5 млрд. сомдон ашуун жоготуп жатканын белгиледи: Күйүүчү майдын аткезчилиги боюнча маселе биринчи орунга чыгып жатат. Ошондуктан көмүскө ташылып келген бензинди Бажы кызматы текшерип жатабы? Бул Казакстандын арзан бензини канча көлөмдө жана кандай жолдор менен алынып келет? Кантип сатылып жатат? Мына ошонун айынан канча салык түшпөй калды? Бул суроолордун баарына жооп издеп, аны иликтеп чыгып, укуктук баа берүү керек. Азыр Казакстандан арзан баада ар кандай жолдор менен ташып чыгарып алып, бензинди кайра кымбат баада сатып жаткандар бар”.

 

Кыргызстандын мунай затына болгон жылдык керектөөсү 1,1 млн. тоннадан ашуун. Анын ичинен Экономика министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы күйүүчү-майлоочу майдын көмүскө жүгүртүүсүнүн үлүшү 25% түзгөн. Ошондо ар бир төртүнчү литр бензин же дизель мыйзамсыз жол менен ташылып, салык алынбай келген.

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №018, 15.05.2019-ж.

Тема: