Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 340

Ырчы Мирбек Атабековдун апасын сабап, үйүн тоноп кетишти

 

Бишкекте белгисиз бирөөлөр эстрада жылдызы Мирбек Атабековдун апасын сабап, 70 миң $ байлыгын уурдап кетишти. Күч структурасынын маалыматына ылайык, өткөн жумада бет капчан үч белгисиз адам Атабековдун апасы жашаган үйгө киришкен.

 

Тоноого келгендер үйдө отурган ырчынын апасы менен эжесин катуу сабашкан. Колдорун таңып, үйдөгү болгон баалуу нерселерди көтөрүп кетишкен. Жалпы чыгымдын суммасы 70 миң $ды  түздү.

 

Мындан эки жыл мурда да белгилүү ырчы Саламат Садыкованын үйүнөн белгисиз бирөөлөр ири суммадагы АКШ долларын тоноп кетишкендиги коомчулукта сөз болгон. Ал эми былтыр дагы бир белгилүү ырчы Айбек Карымовдун үйүнө бир нече ирет уурулар кирип, болгон баалуу буюмдарын уурдап кетишкендигин өзү айтып жүргөн. Тилекке каршы бул эки ырчынын тең милицияга арыз жазгандыгына карабай, колу туткактар табылган эмес.

 

Азырынча М.Атабеков милицияга арыз менен кайрылган, кайрылбагандыгы белгисиз. Сыягы, апасы менен эжеси каттуу сабалгандыгына караганда, кайрылса керек. Ал эми милиция ошол зөөкүр ууруларды табар-таппасын күтө туралы.

 

Эмнеси болсо да бүгүнкү күндө бир гана ырчылар эмес, колунда бар адамдардын артынан ууру-кескилер акмалап, үйүнө түн ичинде гана эмес, чак түштө эле кирип, акчасынан тышкары баалуу буюмдарын камырабастан көтөрүп кетип жаткандыгы көнүмүш адатка айланып калгандай. Андыктан ички иштер министрлиги ууру-кески, каракчыларга каршы каттуу иштебесе, болбой калды...

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №018, 15.05.2019-ж.

Тема: