Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 274

Акыйкатчынын аппараты: Бул факты үй-бүлөлүк зомбулук катары катталышы керек...

 

Өткөн жумада “Тез жардам” унаасында Сузак районунун Жалгыз-Жангак  айылынан Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын жандандыруу (реанимация) бөлүмүнө 2 жаштагы кыз жеткирилген, кыздын башында шишик бар, белден ылдый жактары көк ала болуп турган.

 

Бул факт Сузак РИИБде “кокустук” катары катталган. Бирок, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери муну менен таптакыр макул эмес. Аны үй-бүлөлүк зомбулук катары каттатуу зарыл деп эсептешет. Ошондой эле бул кыздын туугандарын ага жолотпоо керектигин айтышат. Анткени тайата менен тайене бул окуяны бир жума мурда жыгылганынан оорусу козгогондон “тез жардам” чакырышканын маалымдашкан.

 

Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү видеоматериалда тайэнеси кызды “шымыңа сийбе”- деп бир-эки жолу урганы жана чымчыганы тууралуу өзүнүн айтканынан эле зомбулук катары баалоого болот деп эсептешет.

 

Бул боюнча Акыйкатчынын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгү тарабынан Жалал-Абад облустук прокуратурасына көңүл буруу актысы жолдонду. Учурда Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыял Токтобаева ооруканада кыздын жанында бейтаптын таржымалы менен таанышып жатат.

 

Белгилүү болгондой, 2 жаштагы кыздын апасы өзүнүн эки кичине кызын өз атасы жана өгөй энесине калтырып, Россия Федерациясына, Москва шаарына  акча иштеп келүү үчүн кеткен. Акыйкатчынын тапшырмасы боюнча, жабыркаган кыздын апасын Кыргызстанга чакыртуу багытында да иштер жүрүүдө. Жабыркаган кыздын мыйзамдуу өкүлү катары Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүн таануу зарылдыгын белгилешет.

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №018, 15.05.2019-ж.

Тема: