Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 397

Ош, “Саясат.kg”. Кылмыш ишинин алкагында тергөө кызыды 

 

Ош шаардык прокуратурасы Түштүк башкалаасынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынын үч кызматкеринин үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Баары тең беш адамга “Таптакыр мүлкү жок!” деген аныктама жазып беришкендиктен, тигилер бүт муниципалдык үйлөргө ээ болушкан.

 

Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынын жетекчиси Ильяз Сансызбаевдин айтымында, кылмыш иши козголгон кызматкерлерди жумушунан четтетүү же ордунда калтыруу маселеси тергөө жараянынан жараша гана чечилет.

 

- 2017-жылдын октябрь-ноябрь айларында Оштогу мүмкүнчүлүгү чектелген 66 жаранга акысыз батирлер берилген. Ошол маалда көптөгөн тургундар “мүлкү жок” деген аныктама алышкан. Кээде жарандырданы мүлкү бар же жок экендигин аныктай турган программа туура эмес маалыматтарды чыгарып коюшу ыктымал. А биздин үч кызматкерибиз тарабынан берилген аныктамада үй алган кишилердин мүлкү жок экендиги көрсөтүлгөн. Кийин кайрадан текшергенде гана алардын мүлкү бар экендиги ырасталган, - деди Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынын жетекчиси Ильяз Сансызбаев. – Биздин кызматкерлерибиздин үстүнөн Ош шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Ушул тапта тергөө УКМКга өткөрүлүп берилди. Бирок, УКМКнын тергөөчүлөрү биздин кызматкерлерди чакырыша элек. Эгерде тергөө бүткөнгө дейре алар кызматынан бошотулсун деген чечим чыгарылса, биз аларды убактылуу гана жумуштан бошотобуз. Эгерде иштей беришсин дешсе, кадимкидей эмгектене беришет. Ошондуктан, мен кызматкерлерди өз алдымча ишинен четтетүүгө акым жок!

 

Ош шаардык прокуратурасы Кылмыш-Жаза Кодексинин 315-беренесине (кызматтык жасалмачылык) жана 350-беренесине (жасалма документ колдонуу) ылайык Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынын үч кызматкеринин үстүнөн кылмыш ишин козгогон эле.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

Тема: