Бишкек, “Саясат.kg”. 2018-жылдын жети айында өрттөн 43 адам куткарылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

      

КР ӨКМдин Өрттү өчүрүү жана өрттү алдын алуу башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу, майор Равшанбек Ашырбеков билдиргендей, 2018-жылдын 7 ай ичинде республика боюнча 2215 өрт кырсыгы катталып (2017-жылы 2054), өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 7,8 пайызга көбөйгөн. Өрттөн 36 адам каза таап (2017-жылы 44 адам анын ичинен – 1 жаш бала), 25 адам жабыркаган (2017-жылы 15 адам анын ичинде – 3 жаш бала), жана куткаруучулар өрттөн 43 адамды куткарышкан.

             

Равшанбек Ашырбековдун айтымында, өрттөрдүн негизги себептери электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 29.2%, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу - 40.2%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда - 0.8%, балдардын от менен ойноосунан 7.1% өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан 53.1% турак жай секторунда болгон. Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (690, 15 адам каза болгон), Бишкек ш. (408, 6 адам каза болгон), Ош облусунда (261, 1 адам каза болгон),  Жалал-Абад областында (280, 4 адам каза болгон), Ысык-Көл областында (182, 3 адам каза болгон), Баткен облусунда (95, 5 адам, анын ичинен 1 жаш бала). Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (1177), 28 адам каза тапкан.

       

“Өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды, массалык маалымат каражаттарында 539 макала жарыкка чыгып, 470 теле жана 2339 радио берүүлөр уюштурулган. 1089 жолу 50700 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. Чарба жүргүзүүчү объекттердин өрткө каршы абалы жөнүндө бийлик органдарына жана ведомстволорго 1307 маалымат жөнөтүлгөн”,- деп маалымдады Р.Ашырбеков.

 

ӨКМ жайкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет:

 

- бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

 

- күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;

 

- балдарды кароосуз калтырбагыла;

 

- күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

 

- электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

 

- тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

 

- аянттагы тазаланган жердин катмарына гана от жаккыла;

 

-  өрткө кооптуу учурда от жакпагыла жана калдыктарды өрттөбөгүлө;

 

-  кетип бара жатып отту суу менен өчүргүлө жана очоктогу оттун күлүн топурак менен аягына чейин көмүп койгула;

 

- токойго бензин синип калган жана май болгон материалдарды калтырбагыла;

 

- айнектин сыныктарын жана ботолколорду калтырбагыла, күндүн нурлары менен чагылышып өрттүн булагы болушу мүмкүн, жаны чыккан өрттү суу менен өчүргүлө жана үстүнөн ийне жалбырактуу дарактардын бутактарын  жана топуракты таштагыла.

 

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз. Өзгөчө кырдаалдарда  112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

 

Тема: