Ош, “Саясат.kg”. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

 

Кыргызстандын түштүк башкалаасында Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге таандык кеңсени талап-тоноп кетишти.

 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянсак, парламентерийдин Оштогу үч кеңсесинен 2,3 миллион сом, 70 миң доллар жана 10 миң долларлык алтын буюмдар уурдалган.

 

Ушул тапта фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Бирок, кылмышкерлерлин бири дагы азырынча кармала элек. Тергөөнүн кызыкчылыгынан улам бул жоруктун чоо-жайы – чыныгы себептери азырынча ачык айтылбай турат.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы