Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 316

Бишкек, “Саясат.kg”. Жемкорлукту алыстан издебегиле... 

 

Кыргыз Өкмөтү айкөлдүк кылып Ош шаарында эмгектенип жана жашап жатышкан күч органдарынын өкүлдөрүнө кызматтык батир иретинде көп кабаттуу үй куруп, зарыккандарга чукул арада тартуулаган. Тилекке каршы, аталган турак жайлар сапатсыз тикеленгендиктен, эмитен эле чоң көйгөйлөрдү жаратып, абдан баш оорутуп жаткан чагы.

           

Ошол себептүү 2017-жылдын 12-октябрында Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин (УКМКнын) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү Э.Алишеров Ош шаарындагы Макаренко көчөсүнүн тургундарынын арызынын негизинде кылмыш ишин козгоду. Анткени, күч органдарынын кызматкерлери үчүн тикеленген бул 60 батирлүү көп кабаттуу үй 2016-жылы УКМКнын, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Маңзатка каршы күрөшүү агентигинин өкүлдөрүнө кызматтык батир сыңары бөлүштүрүлгөн эле.

 

Бирок, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын буюртмасына ылайык “Керме-Тоо” ачык типтеги акционердик коому  бардык жумушту жогорулатылган баада аткарып, мамлекеттин бюджеттик акчаларын ашкере ысырапсыз пайдаланган. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө эле Жусуп Шабыев төрагалык кылган “Керме-Тоо” ачык типтеги акционердик коому 17 152 705 сомду мыйзамсыз жана бейжай сарптагандыгы биротоло аныкталды. Буга улай күч органдары үчүн тикеленген бул көп кабаттуу үй өтө эле сапатсыз курулган. Ага пайдаланылган курулуш материалдарынын баасы дагы атайылап жогорулатылып көрсөтүлгөн.

Баса, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын буюртмасын аткарган “Керме-Тоо” ачык типтеги акционердик  коому курган үйдү Эсептөө ппалатасы дагы тыкыр текшерген. Бирок, аталган мамлекеттик орган эмдигиче корутундусун элге жарыялай элек. Ошондуктан, калк арасында “эки тарап - “Керме-Тоо” ачык типтеги акционердик коому менен Эсептөө палатасы дагыле өз ара соодалашып жатышат” деген кептер арбыды.

 

Ошондуктан, кабарчыбыз дагы бул маселени көңүл борборунда кармап, такай абай салып турмакчы.

 

 Алишер Токсонбаев, Ош облусу

 

Тема: