“Түнкү гастролерлордун” кезектеги жортуулубу же атайын буюртма мененби, айтор, айтылуу дин аалымынын үйүнө куралчан бандиттер кол салышкан... 

 

Акыркы кезде өлкөбүздө ууру, кескилер менен бандиттер доңуз дөбөгө чыккандай эле кутурушууда. Алар Кудайдан да, мыйзамдан да коркпой, каалаган адамды талап-тоноп,  уруп-сабап, керек болсо  иттей эле атып кетип жатышы көнүмүш адатка айланып калды.

 

Ким билет, андай “түңкү гастролерлордун” кезектеги жортуулубу же атайын буюртма мененби, айтор, өткөн жумада жума күнү таңга маал айтылуу дин аалымы, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө куралчан бандиттер кол салышкан. Алгач алар үйдүн короосунда токтоп турган “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаасынын терезесин талкалашып, ичинен 8 миң сом акчасын алышкан. Андан кийин үйгө кирүүгө аракет кылышканда таңкы намазга турган үй ээси менен 21 жашар уулу байкап калышкан. Ата-бала уурулардын артынан кууп жөнөшкөн. Алардын бирине жетип, кармашып жатканда, экинчиси тапанчадан 2-3 жолу ок чыгарып, качып кетишкен. А.Нарматовдун уулу дароо ооруканага жеткирилген. Бул окуя тууралуу А.Нарматов мындай деп билдирди: “Ал уурулар коңшубуздун короосу аркылуу биздин короого киришкен. Кошунанын үн берүүчү жабдыгы (сигнализация) болгондуктан кире алышкан эмес. Ал күнү уурулар биздикинен башка үйлөргө да киришиптир. Эртең менен багымдат намазын окуганы ойгонгондо эшикте дабыштарды уктук. Үйдөгү жарыктарды күйгүзүп, эшикке чыксам эки чоочун адам жүрүптүр. Алардын бири көчө жакка качып кетип, экинчиси кошунанын короосу аркылуу көчөгө чыкты. Анын артынан кууп, колумдагы буюмдар менен чапкылаганга жетишип калдым. Алгач байкаган эмеспиз, кийин уулумдун бутуна ок тийип, көгөрүп калганын билдик”. Дагы Кудай жалгап, ажыкенин 21 жаштагы уулу жеңил жаракат алып, аман-эсен калыптыр. Эми милиция бул бандит, ууруларды таба алар бекен?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 09.05.2018-ж.