Бишкек, “Саясат. kg”. Абдил Сегизбаевдин республикадан  сыртка чыгып кетпөөсүн көзөмөлдөш керек.

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Жанарбек Акаев, Алтынбек Жунус уулу, Каныбек Иманалиев, Алтынай Өмүрбекова, Исланбек Сарсейитов, Алмамбет Шыкмаматов өлкөдөгү камактагы оппозициячылардын өкүлдөрү менен жолугушту.

 

Камалган жарандардын туугандары менен адвокаттары болуп өткөн сот процесстери, азыркы тапта камактагы кармоо- шарттар тууралуу маалымат беришти. Ошону менен катар алар эл өкүлдөрүнөн экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев республика аймагынан сыртка чыгып кетпөөсүн көзөмөлдөп берүүнү өтүнүштү. Ошондой эле алар жана алардын орун басарлары тарабынан кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик маселесин кароо зарылдыгы айтылды. Мындан сырткары, соттук чечимдерди текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу дагы болду.

 

Эл өкүлдөрү мындай депутаттык комиссия түзүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтом долбоору парламенттин кароосуна киргизиле тургандыгын билдиришти.

Тема: