Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 229

Бишкек, "Саясат.kg". Ош шаардык сотунун чечимине карата прокуратура доо арыз жазды.

 

Ош шаардык сотунун  уулун өлтүрө сабаган атага карата ачылган кылмыш ишин кыскартуу боюнча чечимине прокуратура каршылык билдирди.

 

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, обьективдүүлүктүн сакталышын камсыздоо максатында бул кылмыш ишине мамлекеттик айыптоо Ош облустук прокуратурасына берилген.Өкүмдөн кийин көзөмөл органынын  жасаган кылмышына ылайык жоопко тартпаган жоопкерчилиги каралат.

 

Жабырлануучу жашы жете элек өспүрүмдөр болгон мындай кылмыш иштери КР Башкы прокуратурасынын жетекчилигинин козөмөлүндө болот.

 

Эске салсак, 2017-жылдын декабрында Ош шаарында 12 жаштагы бала өз атасынан таяк жеп каза тапкан.