Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 432

Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн бир катар оор беренелер боюнча камалган Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы чечилди. 

 

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын маалымат борбору кабарлагандай, К.Исаевге карата Кылмыш кодексинин 27 (кылмышка даярдануу), 233 (массалык башамаландыктарды даярдоо) жана 295-беренелери (бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу) боюнча айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө бүткөнчө камакта калтыруу баш коргоо чарасы тандалып алынды.

 

Учурда К.Исаевге карата тергөө амалдары кызыды.

Тема: