Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 426

Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди. 

 

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаевге карата Кылмыш кодексинин 27 (кылмышка даярдануу), 233 (массалык башаламандык) жана 295 (бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу) беренелерине ылайык иш козгоду.

 

Мекеменин маалыматына караганда, "Канатбек Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жактоочусу болуп туруп, башка адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен келишип алып, массалык башаламандык уюштуруу боюнча активдүү аракеттерди көрүп жатканы аныкталган".

 

"УКМКнын материалдары бул адамдар жогоруда аты аталган талапкер шайлоодо жеңилип калса бийликти күч менен басып алууну максат кылып жатканын көрсөтүүдө. Алар пландалган акцияларды уюштуруу үчүн өз катарына кишилерди акчага тартып, шайлоо жыйынтыгы бурмаланды деген шылтоо менен массалык башаламандык жана куралдуу кагылышууларды уюштуруп, бийликти кулатууну көздөгөн" деп айтылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.

 

Кылмыш ишин бардык тараптан иликтеп чыгуу үчүн материалдар УКМКнын Тергөө башкармалыгына жиберилгени кабарланды. Козголгон кылмыш иш боюнча Канатбек Исаев өзү комментарий бере элек.

 

Исаевди өзү жетектеген "Кыргызстан" партиясы быйыл президенттик кызматка талапкер катары көрсөтүп, бирок БШКнын каттоосунан өтпөй калган.

 

Быйыл май айында УКМК Канатбек Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде мыйзам бузууларга барган деген негизде Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) боюнча эки айып тагып, учурда соту уланууда. Депутат өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген. 30-июнда Канат Исаевге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген бүтүмүн жарыялаган. 

 

"Азаттык"

Тема: