Бишкек, “Саясат.kg”. КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы ЖК депутаттары И.Чудинов, А.Жапаров, экс-министр Ч.Узакбаев жана башка адамдарга карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат таркатты.

 

2017-жылдын 29-майында КР МУКК ККК материалдарынын негизинде КР Башкы прокурору тарабынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана жогорку даражалуу кызмат адамдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин (паркорчулук) 303-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголду.

 

Чогулган материалдарга ылайык,  2009-жылдын 17-июлунда КР премьер-министри И.Чудиновдун буйругунун негизинде,  КР Финансы министринин атынан Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду (ЭӨМФ) ошол учурдагы мыйзам ченемдерин бузуу менен “МИС” ААКга кант кызылчасын өстүрүү жана үрөн тазалоо заводун реконструкциялоо максатында “2012-жылдын 31-декабрына чейин кутулат” деген жүйөө менен 200 млн сом бөлүп берген.

 

Белгилей кетсек, буйрукка кол коюлганга чейин Т.Шандецкая аттуу жаран (И.Чудиновдун кайын энеси) “Бишкекстроймонтаж” ЖЧКсынан “МИС” ААКнын 24 пайыз акциясын сатып алган. Ошондой эле “МИС” ААК акцияларына А.Жапарова (КР экономика жана каржы экс-министри А.Жапаровдун жубайы) жана башка адамдар ээлик кылып турган.

 

Андан кийин, КР каржы минстрлигине караштуу ЭӨМФ эки ирет (2012 жана 2015-жылдары) “МИС” ААК мамлекеттик бюджеттин кредиттер боюнча карыздарды төлөө мөөнөтүн мыйзамсыз түрдө узарткан. 

 

2017-жылдын 1-мартындагы абал боюнча КР Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы “МИС” ААКнын карызы 237 млн. 791 мин 75 сомду түзөт. Мындан тышкары ушул эле учурда кылмыш иштин материалдары боюнча “МИС” ААКнын 95 пайыз акциялары учурда КР ЖК депутаты А.Жапаровго байланышы бар адамдарга тиешелүү  болуп саналат.

 

Соттук эксперттин кортундусуна ылайык, “МИС” ААК түшкөн республикалык бюджеттин насыяларынан 68 млн. 248 мин 50 сомун максатсыз пайдаланган. 

 

Ошентип, И.Чудинов, мурдагы айыл чарба жана мелиорация министрлери Ч.Узакбаев, Т.Айдаралиев, мурдагы экономика минитри А.Жапаров жана башка адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

 

Бул кылмыш ишин тергөө КР МУКК тапшырылды.