Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 530

Бишкек, “Саясат.kg”. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, И.Чудинов менен А.Жапаровдун ири суммадагы каражаттарды максатсыз короткону ачыкталган.


2017-жылдын 29-майында Башкы прокурор И.Жолдубаева тарабынан өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү, учурда “Бир Бол” фракциясынан ЖК депутаттары Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров баш болгон бир топ адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-(“коррупция”) беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду.

 

Кылмыш иши 2009-2015-жылдар аралыгында бюджеттик ссудалардын эсебинен “Машинасыноо станциясы” акционердик коомуна 200 млн. сом акча каражаттарынын мыйзамсыз берилгендиги жана алардын максатсыз колдонуу фактысы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан келип түшкөн  материалдардын негизинде козголду.

 

Аталган кылмыш ишин тергөө КР мамлекеттик улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн КР Башкы прокуратурасынын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Тема: