Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 651

Кыңыр иш кырк жылда...

 

 

Нооруз майрамында, тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 21-мартында Ош шаарында үрөй учурган окуя катталды. Түштүк башкалаасынын бир нече тургуну уюшуп Кыргызстандын ички иштер министрлигине караштуу маңзаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын түштүк башкармалыгынын улук офицери, милициянын подполковниги Таирбек Уларовго адегенде зордук-зомбулук көрсөтүшүп, андан соң гана мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.

           

Кыңыр иш кырк күнгө жетпей эле билинип, айыпкерлер Дамир Шабыралиев, Мурат Раджапов укук коргоо органдары тарабынан издерин суута электе кармалышып, Ош шаардык соту тарабынан эки айга камакка кесилишти. Алгачкы тергөөнүн жүрүшөндө эле бул кылмышка шектүүлөр Элдияр Бакытбек уулу, Наргизи Раждапова дагы жасаган жоруктарын толук бойдон моюндарына алышты.

 

Бирок, айлакер жактоочулар Айсалкын Карабаева жана Мухае Абдураупованын көмөгү аркасында негизги айыпкер Наргиза Раджапова бет тырмаактык кылып, социалдык түйүндөр аркылуу жалган маалыматтарды кеңири жайылтып келатат. Маселен, ушул жылдын 28-апрелиндеги сот жараянына жактоочу Айсалкын Карабаева кечигип кирген. Мунусу аз келгенсип, айрым күбөлөрдүн айтымында, “мен соттун төрагасына бул малдар боюнча замечание жасап жатып кармалып калдым”- деп кыйынсынды. Ал эми дагы бир жактоочу Мухае Абдураупова башына кайгы түшүп, кара кийгендерди “тупицы!”- деп ачык эле шылдыңдады жана жекирди.

 

- Биздин жактоочубуз Динара Турдуматовага жок жеринен эле сөз тийгизип, айыпталуучулар жандарын жеп жатышат, - деп чырылдады Кыргызстандын ички иштер министрлигине караштуу маңзаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын түштүк башкармалыгынын улук офицери, милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун жесири Нургүл Меңдиева. – Айсалкын Карабаева жана Мухае Абдураупованын айтымында, биздин жактоочубуз кылмышка шектүү Наргиза Раджапованы бизге сот алдында кармап бергендиктен, аны эл көзүнчө эле кадимкидей уруп-согуп, а түгүл чачын дагы жулуптурбуз. Боюнан түшүрүптүрбүз. Буга улай Динара Турдуматова “Убийца!”, “Убийцы!” деп элге угуза эле кыйкырыптыр. Ушунчалык дагы калпты ышкыртышып, бет тырмактык кылышабы. ыя? Мен Наргиза Раджапованы урмук түгүл эмдигиче көрө дагы элекмин. А түгүл жактоочубуз Динара Турдуматова башка соттук жараянда жүргөндүктөн, биздин ишибизге дегеле катыша элек.

 

Баса, айыпталуучу Наргиза Раджапованын сот залында сабалгандыгын, ошондон улам боюнан түшүп калгандыгын Ош шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу Бекташ Жолдошев дагы четке какты.

 

- Наргиза Раджапова милиция кызматкерлери ага карата күч колдонуп, кыйнагандыгы туурасында Ош шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылган, - деди Ош шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу Бекташ Жолдошев. – Ошондуктан, дароо эле тиешелүү экспертиза дайындадык. Бирок, соттук-медициналык экспертизанын 2017-жылдын 14-апрелиндеги кошумча корутундусуна ылайык Наргиза Раджапованын ич жана жыныстык мүчөлөрүндө жаракалар байкалбагандыгын, анын боюнан түшкөнү Наргиза Раджапованын арызында келтирилген жагдайларга таптакыр туура келбегендиги аныкталды.

 

Ошентип, Кыргызстандын ички иштер министрлигине караштуу маңзаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын түштүк башкармалыгынын тескөөчү коменденты, милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун артында айчырактай жубайы Нургүл Меңдиева, ошондой эле Айдай жана Айжамал аттуу алмончоктой кыздары какшап калышты. Булардын жашы эмдигиче кургай элек. Маркумдун үй-бүлөсү жана кесиптештери бул сапар Ош шаардык сотунан адилеттүүлүктү гана күтүп олтурушат. Биз дагы бул уюшкан кылмыштуу топтун чуулгандуу иштеринин калыс териштирилишине, анын сотто дагы адилет каралашына такай абай салып турмакчыбыз.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

өз кабарчыбыз, Ош шаары

 

Булак: “Майдан kg” гезити

Тема: