Кырсыкка техникалык коопсуздук талаптары сакталбагандыгы себеп болушу мүмкүн

 

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң көмүр кенинде шахтерлорду издөө иштери уланууда. 22-апрелде шахта көчүп, ал жерде иштеп жаткан Кайрат Нурбеков менен Азамат Тойматовду басып калган.


Расмий маалыматтар боюнча, куткаруу операциясына жергиликтүү тургундар, ошондой эле облустун тиешелүү түзүмдөрүнүн өкүлдөрү тартылды. Учурда көмүр кениндеги сууну сордуруп алуу иштери жүрүүдө.


Кырсыкка техникалык коопсуздук талаптары сакталбагандыгы себеп болушу мүмкүн деген божомол айтылууда. Кенде көмүр казуу иштерин «Жыргалаң-Дорго көмүр» жеке ишканасы аткарып жаткан.


Бул жыл башынан бери өлкө шахталарында болгон алгачкы ири кырсык. Өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында Жалал-Абад жана Баткен облусундагы кароосуз калган шахталарда үч кырсык болуп, жалпысынан беш киши каза болгон.


Булак: "Марал"