Бишкек, “Саясат.kg”. Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлерине карата сот чечимин чыгарды.

 

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековдорго байланыштуу сот чечимин бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

 

Ага ылайык, оппозиционер саясатчылардын баары тагылып жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп табылышты.

 

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жылга соттолуп, бардык үй-мүлкү конфискацияланды.

 

Дастан Сарыгулов 4 жылга оозеки соттолду. Аны дароо сот залынан бошотушту.

 

Эрнис Карыбеков 20 жылга кесилип, анын да бардык үй-мүлкү конфискацияланды.

 

Эске салсак, булардын баарына “бийликти күч менен басып алууга аракет” беренеси боюнча айып тагылган.