Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 439

Бул тууралуу райондук оорукананын башкы дарыгери Эркин Апазов «Марал» радиосуна кабарлады.


Баткен облусунун Кадамжай районунда автокырсыктан жабыркаган 29 аскер ооруканага кайрылып, алардын бирөөнө операция жасалып бешөөнүн абалы оор. 

 

Анын айтымында кырсыкка кабылган аскерлер денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан. Көбүнүкү сынык.


27-мартта Баткен облусунун Кадамжай шаарына бурула беришинде аскерлер бараткан автоунаа жол кырсыгына кабылган. Башта унаада 28 аскер болгону айтылган эле. КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы азырынча окуя боюнча түшүндүрмө бере элек.


Аскердик унаа сүзгөн  жаңы курулуп жаткан үйдө адамдар жашачу эмес. Ал турак үйдү буга чейин күйүүчү май ташыган автоунаа дагы сүзүп кеткен деген маалыматтар бар.


Окуя ушул жылдын 3-февралында болгон. Солярка ташып бара жаткан унаа башкаруусун жоготуп, жаңыдан курулган үйдү талкалаган. Кырсыктан улам үй толук талкаланып, унаадагы 3 адам ооруканага жеткирилген.

Булак: "Марал"

Тема: