Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 852

18-марттагы жөө жүрүш учурунда милиция ага катышкандардын айрымдарын кармап кеткен.

Камалган активисттердин адвокаттары бүгүн кечке жуук Свердлов райондук сотунан чечимдерди алышты. Учурда райондук соттун чечимин жокко чыгартуу өтүнүчү менен доо арыз Бишкек шаар сотуна даярдалууда. Бул тууралуу коомдук ишмер Эдил Байсалов "Азаттыкка" билдирди:

- Биз чечимди кечке күтүп, кечинде гана алдык. Бүгүн дем алыш, эртең да дем алыш. 21-март - Нооруз майрамы. Бул күндөрү соттор иштебейт, нөөмөтчү судья доо арызды ала албайт дешти. 22-мартка чейин ансыз деле төрт күн камакта отуруп калышат экен. Бирок биз баары бир апелляция жолдойбуз.

Эдил Байсалов жарандык активисттердин жөө жүрүшүнө тоскоол кылган милициянын аракетине баа берүүсүн сурап, прокуратурага кайрылышарын кошумчалады.

18-мартта Бишкекте “Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн” деген ураан алдында тынчтык жүрүшү болуп, ага коомдук ишмерлер, оппозиция өкүлдөрү, журналисттер жана карапайым адамдар катышкан. Жөө жүрүш Бишкектеги Жеңиш багынан башталып, Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аяктаган. Иш-чара учурунда милиция жүрүшкө катышкандардын айрымдарын кармап кеткен.

Кечке жуук Свердлов райондук соту кармалган беш адамды беш күнгө камоо тууралуу чечим чыгарган.

"Защищая свободу слова". Как прошел мирный марш в Бишкеке - в фотографиях

URL: http://zanoza.kg/354292

Булак: "Азаттык"

Фото - Zanoza

Тема: