Орус элчилигинин кызматкерлери Кыргызстандын мыйзамын кой, жол эрежесин да көзгө илбей, жарандарды койдой эле тебелеп өлтүрүп, кенемте төлөмөк мындай турсун, көңүл айтып койбогонго өткөн экен да...

 

16-февралда чак түштө Бишкектин Фучик көчөсүнөн “Манас” аэропортун көздөй кеткен трассада Россиянын Кыргызстандагы элчилигине караштуу “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү жолтандабас менен “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу унаалары кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен “Мерседес-Спринтердин” 62 жаштагы Евгений Лексин аттуу айдоочусу оор жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон. Бул автокырсык видеого түшүп калгандыктан, социалдык тармактар аркылуу Россия элчилигинин кызматтык унаасы өтө каттуу ылдамдыкта бараткандыгы жана күнөөлүү экендигине баарыбыз күбө болдук. Ошол замат эле аталган элчиликтин маалымат кызматы: “Элчиликтин биринчи катчысы Виктор Пуховдун катышуусунда болгон жол кырсыгынын себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө башталды. Бардык жагдайлар, анын ичинде кызматкердин авария маалындагы физикалык абалы дагы текшерилет”, - деген билдирүү тараткан. Мындан тышкары “Тойота Прадодо” “Роснефттин” Кыргызстандагы  өкүлчүлүгүнүн башкы директору Игорь Рясный да болгондугу, машинанын айдоочусу мас абалда экендиги айтылган. Бирок дипломатиялык иммунитетке таянган орусиялык элчилик айдоочуну медициналык жактан текшерткен эмес. Акыркы маалыматтарга ылайык, орус элчилигинин маркумду жерге берүүгө катышкандыгы жалган экен жана анын үй-бүлөсүнө көңүл айтып да койбоптур. Демек, орус элчилигинин кызматкерлери Кыргызстандын мыйзамын кой, жол эрежесин да көзгө илбей, жарандарды койдой эле тебелеп өлтүрүп, кенемте төлөмөк мындай турсун, көңүл айтып койбогонго өткөн экен да...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.