Бишкек, “Саясат.kg”. Кагазга ороп айтанда, “көңүл ачуучу” сайттарда алдамчылыктын жаңы түрү пайда болду. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

 

Акыркы кездерде Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу “балдар үчүн ишеним телефону – 111” Борборуна интернет колдонуучулары тарабынан порносайттарга киргенде ИИМдин атынан жарнак чыгып жатканы тууралуу кабарлоолор көбөйдү.

 

Ал жарнак же болбосо “ИИМдин эскертүүсү” төмөнкүдөй (маанисин бузбастан орус тилинде бердик: “МВД зафиксировало на вашем электронном устройстве незаконные действия: просмотр и хранение видеоматериалов, содержащих элементы насилия, педофилии, гей-порнографии и видеопорнографии с лицами младше 18 лет. Такие действия содержат в себе состав административного правонарушения, и влекут за собой наложение административного взыскания в размере 1000 сомов и более. В случае уклонения от уплаты штрафа последует уголовная ответственность”.


“Буга байланыштуу КР ИИМи бул билдирүүлөргө эч кандай тийешеси жок экендигин билдирет. Биз компьютер же сматрфондорду блокировкалай албайбыз. Бул белгисиз адамдардын эле жаңы ойлоп чыккан алдамчылык схемасы. Эгерде кайсы бир адамдар порнографиялык мазмундагы материалдарды көчүрүп же сактаганыңыз үчүн штраф төлөөнү талап кылса, токтоосуз  бизге кайрылыңыздар. Жарандарга шектүү программаларды ачууда жана ишенич жаратпаган ресурстарга кирүүдө сак болууга чакырабыз”,- делет ИИМ билдирүүсүндө.

Тема: