Азыркы тапта кармалгандар боюнча тергөө иштери башталды.

 

Ичкb иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен Ош ОИИБинин кызматкерлери Кара-Суу районундагы кафелердин биринен намаздан кийин чогулушкан "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун 8 жигердүү мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Иликтөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын үчөөнүн үйүнөн экстремисттик маанайдагы адабияттар жана видеоматериалдар табылган. Т.И. аттуу Ош шаарынын тургуну мурда да сот жообуна тартылган.

 

Эскерте кетсек, 2016-жылдын сентябрь айында ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам иш-аракетинин жүрүшүндө Ю.Х. аттуу Ош шаарындагы мечиттердин биринин имамы кармалган. Анын жашаган жеринен Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" уюмун үгүттөгөн материалдар жана "Ислам мамлекети" террористик уюмуна чакырык кылган материалдар табылган.

 

Бул фактынын нгеизинде ИИМдин тергөө башкы башкармалыгы Кылмыш кодексинин 299-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

 

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/272865