Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 695

"Де-Факто" гезитинин башкы редактору Амантур Мусагуловду 10-февраль түнү белгисиз бирөөлөр сабап кетишти.

 

Бул тууралуу "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун төрагасы Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна билдирди.

 

Маалыматка караганда, белгисиз адамдар Мусагуловду таяк менен чабышкан. Ал ооруканага кайрылып, Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазган.

 

Милициядан бул боюнча маалымат алууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек. 

 

Булак: "Азаттык"

Тема: