Уурулукка кирген киши “уурулугу кармалып калгандыгы үчүн” кызды муунтуп жатканда колго түштү

 

Бишкек, “Саясат.kg”. Чүй облусуна караштуу Москва районунда 42 жаштагы киши кошунасынан үйүнө уурулукка кирген. Анын ата-энесинин акча сактагычын антарып жатканын көчөдө ойноп жатып, суу ичкени кирген 8 жаштагы кыз байкап калган.

 

ИИМден кабарлашкандай, кыздын атасы келип калбаганда, мас абалындагы кылмышкер максатына жетмек экен...

 

Учурда 42 жаштагы Петровка айылынын тургуну “М.Р.” кармалып, кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.