Ээлеген кызматынан пайдаланып чоң акчаларды жасап, мамлекеттин бюджетине түшүрүлчү акчага ачкөздүк менен  кол салып келаткандардын бири Нарындагы “Чыгыш” бажы кызматынын башчысы -  Абас уулу Кубанычбек.

 

Бишкек, “Саясат.kg”. Ачыгын айталы, Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жөнүндө канчалык көп сөз болгон сайын коррупция деген балакет ошончолук күчөп, тамырын жайып эле баратат. Айрым мамлекеттик кызматтардын жетекчилери коррупцияга мойнуна чейин батып, ал жерди өзүнүн миллиондогон «жашылбайларды берип турчу  бизнес жайына  айландырып  алышты. Ал жерден тапкан арам акчаларынын эсебинен тиешелүү жетекчилердин ооздорун «майлашып», өз билгендерин кылышып, өтүктөрүн төргө илишип, кудайдан башкасын тааныбай келишет. Мына ошондой ээлеген кызматынан пайдаланып чоң акчаларды жасап, мамлекеттин бюджетине түшүрүлчү акчага ачкөздүк менен  кол салып келаткандардын бири Нарындагы “Чыгыш” бажы кызматынын башчысы -  Абас уулу Кубанычбек.

 

Бажы тармагында «Куба  миллион» атка конгон Абас уулу Кубанычбек жөнүндө жөн сөз кылып жаткан жерибиз жок. Анткени, дал ушундай капчыгынын камын гана ойлоп, бюджеттин акчасына он манжасын  салгандардын айынан өткөн жылы Бажы кызматы белгиленген планды аткара албай, андан улам бюджеттин казнасы толбой калды. Алардын арасында  «Чыгыш» бажы кызматынын башчысы Абас уулу Кубанычбектин да «салымы» эбегейсиз. Анда төмөндө анын Бажы чөйрөсүн куруткан көмүскө бизнесине,  «салымдарына» токтололу.

 

Кечээ жакында эле ЖК депутаты, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жаңы жылда 230дай Бажы кызматынын кызматкерлери (негизинен жетекчи кызматкерлер) Жаңы Жылды чет өлкөдө ой-да майрамдашканын  айтып, алар кайсыл акчанын эсебинен минтип чет жерде шапар тээп жүрүшкөнүнө кызыгып, агынан жарылды.  Бирок Бажы тармагынын башчысы Азамат Сулайманов тыңгылыктуу жооп бералбай, күңк-мыңк деп кутулду. Мына ошол эс алгандардын арасында биз сөз кылчу Абас уулу Кубанычбек да бар. Бирок  бул анын чет жердеги биринчи жолку эс алуусу эмес. Анын «Чыгыш» бажы кызматынан канчалык акча өөнөй турганын ушундан билели, ал чет өлкөлөргө ат тезегин кургатпай  бат-баттан чыгып, эс алып келип турат. Б. а. чоң акчаларды коротуп, чет жерлерге чыгып, шапар тебүү анын хоббисине айланганын ошол эле тармакта иштегендер айтып келишет. Сыртка көп чыгарына ынануу  кыйын  деле эмес,  болгону анын чет элдик паспортуна көз жүгүртсөк эле, паспортунун  беттерине визалык штамп басканга орун калбай калганын көрөсүң.

 

«Куба миллион» байкебиздин чет өлкөгө көп каттагандыгынын дагы бир себеби бар. Ал Бакиевдин убагындагы транспорт жана коммуникация министри, айтылуу ак жолчу Нурлан Сулаймановдун бир тууган бөлөсү. Билгендер Бакиевдин учурунда бөлөсүнө таянган  «Куба миллион» катуу «кутурганын» айтышат. Атүгүл бөлөсү менен биргеликте бажы тармагында көмүскө бизнесин түптөөгө жетишкен. Жашырганда не, азыр Бакиевчилер кеткени менен алардын бизнестери, акча жасоочу схемалары иштеп эле жатпайбы. Нурлан Сулайманов өзү эл аралык издөөдө жүрсө да, бажы чөйрөсүндөгү бизнеси бажычы бөлөсүнүн колу менен  сопсонун  иштеп эле келатат. «Куба миллиондун» сыртка бат-баттан чыкандыгынын бир сыры дал ушунда жатат. Бөлөсүнө жашыруун жолугуу менен көмүскө бизнестеги кирешенин  тиешелүү үлүшүн алып барып  берип турат. Атайын органдар бул тууралуу билеби?  Такыр кабары жок деп айтыш кыйын. Андай болсо эмнеге Нурлан Сулаймановго тиешелүү  көмүскө бизнес ачыкталып, ага бөгөт коюлбайт?

 

Бажы тармагындагы лөктөр менен бийликтин жогорку эшалонундагы жетекчилер биригип алышып, контрабандалык товарларды алып өтүү менен чоң акчаларды жасап жатышкандары эч кимге сыр эмес. Товарларды контрабандалык жол менен  өткөрүп, аларга «крышевать» этүү да «Куба миллион» байкебиздин мыйзамсыз бизнесине айланган. Билгендердин айткандарына таянсак, анын контрабанда  бизнесиндеги  өнөктөштөрү  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп эсептелген  Марс Сулайманов жана Нарын шаарынын «смотрящийи» Тимур Ботоканов. Криминалдуу дүйнөдөгү досторуна таянган Абас уулу Кубанычбек эч кимди тоотпой, өзүнө каршы сүйлөгөн кызматкерлерди коркутуп, үркүтүп, кааласа жумуштан кетирип,  айтор өзүн да байытып, досторун да акчага маарытып, Бажы тармагын курутуп келаткан кербези. Көмүскө экономикага, контрабандага каршы күрөшүү милдети тагылган тиешелүү мамлекеттик органдар болсо  «Куба миллиондун»  «жашылбайларына» ооздору майланышып, билсе билмексен, көрсө көрмөксөн болушуп, контрабанданын күч алуусуна өз «салымдарын» кошуп келатышат…  

 

Каарманыбызды «Куба миллион» каймана ысымга кондурган мыйзамсыз  бизнестерин улачу болсок, анын карамагында 50 чакты оор жүк ташуучу авто унаалар бар. Алар менен Кыргызстанга Кытайдан эт ташып, бажыканадан өткөндө алардын көлөмүн азайтып каттатып, бажы төлөмдөрүнөн айланып өткөрүү анын схемаланган, системаланган акча жасоочу жолдорунун дагы бири. Мындай жол менен ал чоң кирешелерге маарыса, өлкөнүн бюджетин миллиондогон сомдук бажы төлөмдөрүнөн куржалак калтырууда.

 

«Чыгыш» бажы кызматынын башчысы Абас уулу Кубанычтын «царский»  жашоо образын студент уулу да жүргүзүп келет. Буга чейин Борбордук Азиядагы Америка университетинде,  учурда КМЮАда окуган баласы  Кубанычбек  уулу Медет «Кэмри» үлгүсүндөгү кымбат баалуу авто унаада жүрөт. Ооба, авто унаа айдаган студенттер жетишерлик. Бирок  Кубанычбек уулу Медет да бат баттан чет өлкөлөргө чыгып, эс алып, эл, жер көрүүнү өнөкөткө айландырган. Студент кайсыл акчасына чет өлкөлөйт  дейсиз, албетте, бажы тармагынан миллиондорду өөнөгөн атасынын эсебинен да…

 

 

Эми каарманыбыздын  көмүскө бизнестеринин эсебинен алынган мүлктөрүнө да кыскача токтоло кетели. «Чыгыш» бажы кызматына жетекчи болуп келгени Нарын шаарынан эки кабаттуу үй алып, кафе ачууга жетишти. Бишкек шаарынын 12-кичи районундагы элиттик жерден кымбат баалуу үй сатып алса, өткөн жылдын аягында  Бишкектин Турусбеков-Пушкин көчөсүндөгү элиттик көп кабаттуу үйдөн аянты 270 чарчы метрди ээлеген батирди, мындан сырткары  Москва-Панфилов көчөлөрүндөгү көп кабатту үйдөн дагы бир  батирди  сатып алган. Бул бизге белгилүү болгондору гана. Ал эми анын жашырып билдирбеген башка турак-жай жана чарбалык мүлктөрү канча дейсиз?  Суроо туулат, маянасына гана жашаган   кызмат адамы жогорудагыдай кыймылсыз мүлктөрдү сатып ала алат беле? Албетте жок.

 

«…бажы тармагында коррупция күч, көмүскө экономиканын үлүшү чоң» деп миң кайталап, бажы төлөмдөрүнүн планы толбой калганына ыйлактайбыз. Бир караганда өлкөнүн бюджетине, элдин ырыскысына кол салгандарга каршы аёосуз күрөш жүрүп жаткандай туюлат… Бирок «Куба миллионго» окшогондор ачык, көзкөрүнөө эле коррупцияга мойнунан  малынып, андан  чыга албай жүрүшпөйбү?! Эмнеге өкмөттүн жетекчилиги, тиешелүү  органдар анын  эсепсиз байлык, мүлктөрүнүн эсебин алып, жогорудагыдай ишмердиктерин текшерип,  алар далилденсе ээлеген кызматынан бошотуп, тиешелүү мыйзамдык чаралар көрүлбөйт? Же Кыргызстан биротоло мыйзамга  акча үстөмдүк жүргүзгөн  акыбалга келгенби? «Куба миллион» тар чөйрөдө «мен Райымбек Исмаиловичти (Бажы кызматынын төрага  орун басары Райымбек Матраимов)  колго алып койгом керек болсо…» деп мактанат экен. Анысы чын болсо анда «Райым миллион»  атка  конгон, иш жүзүндө Бажы кызматын тескеп, кадрдык  маселелерди  чечери айтылган Райымбек Матраимов «Куба миллиондун» колдоочусу болуп калабы?

 

12-кичирайонунун  элиттик жериндеги үйү

 

     
Москва-Панфилов көчөсүндөгү батири
   
Турусбеков-Пушкин  көчөсүндөгү 270 чарчы метр аянттагы элиттик батири
  
«Чыгыш» бажы кызматынын башчысы «Куба миллион»
   
Нарын шаарындагы эки кабаттуу үйү
  
Нарын шаарында ачкан кафеси
    
Кубанычбек уулу Медет