70 сантиметр тереңдикте аялдын сөөгү дээрлик бир ай жаткан

 

Бишкек, “Саясат.kg”.  2017-жылдын 5-январь күнү  Майлуу-Суу шаардык ички иштер  бөлүмүнүн  кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  ыкчам өкүлүнө 2016-жылдын ноябрь айынан бери Майлуу-Суу шаарынын  Ленин көчөсүнүн №105в/3 үйүнүн тургуну, 1948-жылы туулган Гузова Тамара Ивановна дайынсыз болуп жаткандыгы жөнүндө кайрылуу келип түшкөн.

 

Белгилүү болгондой, былтыркы жылдын декабрь айынан тарта маркум үйүндө көрүнбөй, дайынсыз болуп калган. Мындан улам анын кошуналары тынчсызданышып, бири-биринен сурашып, “конокко кетүүсү мүмкүн” деп да боолголошкон. Ошентип кабары жок болуп кеткен айылдашынан тынчызданышкан шаар тургундары милицияга кабарлашкан. Быйылкы жылдын 5-январында шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш каттоо китепчесине анын дайынсыз жоголгону туурасында катталып, тартип сакчылары издей башташкан.

 

Аталган факт боюнча Майлуу-Суу шаардык ИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Майлуу-Суу шаарынын  Ч.Тулебердиева көчөсүнүн №34 үйүнүн тургуну, 1967-жылы туулган Казаков Юрий Васильевич шектүү катары кармалган.

 

“Бизге катталгандан кийин маркумду издөө иши жанданып, оперативдик маалыматтар келип түштү. Маалымат негизинде кылмышка шектүүнүн үйүнүн аркасындагы бөтөлкөлөрдөн күмөн болгон, анткени ажаткана тараптагы бөтөлкө үйдүн артына ташылып калган. Үйүлгөн бөтөлкөлөрдү алган учурда жердин казылганы байкалды. Аялдын сөөгү болжолдуу түрдө 70 сантиметр тереңдикте казылып көмүлгөн, кылмыштын бети жабуу үчүн бөтөлкө шишелер жабылган. Аялдын сөөгү бир айдай жатып калган. Үй ээси өлүктү тапкандан кийин гана Тамара менен тааныштык жагдайы бар экенин, сөз талашуудан улам чыр чыкканын айтып берди. Маркумду тапканга чейин да үй ээси анын дайынсыз жоголуусуна тиешеси жок экенин билдирип жаткан болчу”, - деди Р.Жумабаев.

 

Маалым болгондой кылмышка шектүү менен каза болгон аял эски тааныштардан экени айтылууда. Адам өлтүрүү фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иш алып барылууда. Кылмышка шектүүгө Кылмыш жаза-кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттук медициниалык экспертиза да киши колдуу болгонун тастыктаган.

 

Тамара Гузова мындагы шаардын Ленин көчөсүндө жалгыз жашачу. Жалгыз кызы бар, бирок ал Россия Федерациясында жашайт.