Документин текшерип жатканда, паспорту жасалма экендиги дароо ашкереленди, - дейт Кыргыз чекара кызматынын өкүлү.

 

Бишкек, “Саясат.kg”. Ош эл аралык аэропортунда жасалма документ менен учууга аракет жасаган Тажикстандын жараны кармалды. Бул туурасында Кыргыз чекара кызматынан маалымдашты.

 

- 10-январда Ош-Москва каттамы боюнча Ош эл аралык аэропортунун көзөмөл бекетинен чек ара кызматкелери тилкеден мыйзамсыз өтүп бараткан С. Х. аттутуу Тажикстан жаранын байкап калып, дароо кармашты. Ал 46 жашта экен. Документин текшерип жатканда, паспорту жасалма экендиги дароо ашкереленди, - дейт Кыргыз чекара кызматынын өкүлү.

 

Акыркы маалыматтарга караганда, кармалган Тажик жараны улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилди. Ушул тапта чет өлкөлүктүн өздүгү такташтырылууда.

 

Алишер Токсонбаев