Москвада 24-декабрь күнү 12 жаштагы кыз киши колдуу болгону кабарланган. Анын өлүмүнө шектүү 21 жаштагы кыргызстандык мигрант камакка алынды.

 

Эжеси үчүн сиңдисинен өч алып

 

Коомчулуктун үрөйүн учурган бул окуя ишембиде, 24-декабрда Москванын Ферганский көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде орун алган. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү берген маалыматка ылайык, ал күнү секелек кыз төрт жаштагы иниси менен үйдө жалгыз калган.

 

Кылмышка шектүү 1995-жылы туулган жигит үйгө кирип келип, темир бурооч менен кызды кичинекей инисинин көзүнчө 14 жолу сайып өлтүргөн. Андан соң жансыз денени ваннага салып, сууну агызып коюп кетип калган. Маркумдун апасы жумуштан келген соң гана полиция чакырган. Алгач апасы кызын өз жанын өзү кыйган деп ойлогон экен. Бирок полиция кыздын киши колдуу болгондугун аныктаган.

 

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев кылмышка шектүү деп кармалган жигит учурда күнөөсүн толугу менен моюнуна алганын айтты. Анын айтуусунда, жигит маркумдун бир тууган эжесин кызганып, анын айынан сиңдисин өлтүрүп өч алган: “Эжесин кызганып анын өчүн сиңдисинен алыптыр. Тергөө учурунда экспертиза жүрөт. Эми ал жигиттин акыл-эси ордундабы деген маселе турат. Азырынча тергөө кызыкчылыгы үчүн кыздын жана кылмышка шектүү деп кармалган жигиттин аты-жөнү ачык айтылбайт. Тергөө процессин биз жарыялай албайбыз. Шектүүгө кандай жаза көрүлөт, аны сот чечет”.

 

Чектен чыккан мыкаачылык

 

Маркумдун атасынын көзү өтүп кеткени белгилүү болду. Секелек өзүнүн апасы, 21 жаштагы бир тууган эжеси жана төрт жаштагы иниси менен жашачу экен. Коңшулардын айтуусунда, апасы кары кишилерди багып иштечү. Алар берген мүнөздөмөдө маркум кыздын үй-бүлөсү үлгүлүү жана тартиптүү деп жазылган. Коңшулардын бири Лидия жергиликтүү телеканалга берген маалыматында буларды айткан: “Жок, мен анын апасы жөнүндө эч бир жаман нерсе айта албайм. Ал улгайган кишилерди баккан (сиделка) адам болчу. Ошол себептүү үйдүн ээси ага кызы менен чогуу жашаганга уруксат берген. Мен ал жигитти мурда көргөн эмесмин. Бирок угуп-билишимче ал кыздын эжесин коркутуп жүрчү”.

 

Бул кыйылган өмүр миграция курмандыктарынын алгачкысы эмес. Бирок айрымдардын баамында, жылдан жылга мыкаачылык чектен чыгып баратат.

 

Кыргыз диаспорасынын өкүлү Жамиля Бегиева мындай мыкаачылык чет жерде жүргөндөргө мүнөздүү деген оюн айтат. Кыргызстан сыяктуу алакандай өлкөдө социалдык көзөмөлдөө принциби иштейт, баары бири-бирин таанып “эл эмне дейт” деген сезим өкүм сүрсө, Москва сымал чоң мегаполисте кишини тизгиндеп турчу андай сезим жоголот: “Кыргызстанда бири-бирин тааныйт, бири-бирине болгон социалдык көзөмөлдөө деген бар, “эл эмне дейт” деген. Ал эми мындай чоң шаарда билинбей калат дейби же эмне болуп баратат, мен өзүм деле аягына чейин түшүнө алган жокмун. Союз ыдырагандан кийин элдин көбү миграцияга кетип, балдар ата-энесинен жылуулук көрбөй чоңоюшту. Мигрант акча салса да, туугандары аны балдарына жумшабай коюп, ушундай муун өсүп келе жатат окшойт”.

 

Жамиля Бегиеванын материалдык жактан эч нерседен кем болбогон жаштардын жан дүйнөсүндө тирек боло турган асыл ойлордун, идеялардын жоктугун мыкаачылыктын негизги себеби катары көрөт.

 

Акыркы жылы Орусиянын федералдык миграция кызматынын соңку маалыматында, бул өлкөдөгү кыргызстандыктардын саны 560 миңден ашкан. Ал эми ар кандай кылмыш иштери боюнча айыпталып, орус абактарында жаза өтөп жаткандардын саны 1500дөн көп. Алардын басымдуу бөлүгү уурулук жана каракчылык үчүн соттолушкан.

 

Касым Рахманкулов,

“Азаттыктын” журналисти