Бишкек, “Саясат.kg”. Чүй облусунун аймагында жана Бишкекте “Хизбут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

 

2016-жылдын 10-ноябрында КР МУККсы ИИМ менен биргеликте, терроризмге жана диний экстремизмге каршы багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө, Бишкек шаарында жана Чуй облусунда, конституциялык түзүлүштү кулатып, “Халифат” түзүү ниетин үгүттөгөн “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун (ДЭУ) жашыруун ячейкасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Муну менен катар интернет аркылуу  жүргүзүлгөн программалык жайылтуу жана тыюу салынган адабият таркатуучу «Hizb-turkiston.net» медиа-платформасынын ишине тыюу салынды.

 

Мурда козголгон кылмыш иш алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларын негизинде, кармалгандардын жанынан көп санда DVD-дисктер, тыюу салынган уюмдун диний китептери, оргтехника  (компьютерлер, ноутбуктар, планшеттер) жана башка далил буюмдар табылып, диний-экстремисттик уюмга мүчө  Кыргызстандын 12 жаранынын далил заттары катары алынды.

 

Бул иш боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө.