Бишкек, "Саясат.kg". Келтирилген 1 500 000 сомду түзгөн зыян, акчалай түрүндө мамлекетке кайтарылды.
Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын январь айына карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында - жалпы базар баасы 35 205 000 (отуз беш миллион эки жүз беш миң) сомду түзгөн Ала-Бука айылынын борборунда жайгашкан 771 чарчы метр жер тилкеси менен Айры-Там айылынын борборунда жайгашкан 961 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Ошондой эле, келтирилген 1 500 000 (бир миллион беш жүз мин) сомду түзгөн зыян, акчалай түрүндө мамлекетке кайтарылды. Мындан сырткары, көрсөтүлгөн мөөнөттө кызмат адамдары - өзүдөрүнүн же башка адамдардын кызыкчылыктары үчүн кызматтык абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышкан аракеттерине карата 2 кылмыш иши козголду жана тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иштери Ала-Бука РИИБнүн тергөө кызматына тапшырылды.
Мындан ары дагы, Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелерин, кайра мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кайтаруу боюнча алгылыктуу иштер алынып барыла бермекчи.