Бишкек, "Саясат.kg". Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 2 млрд 251,5 млн сомду түзгөн каржылык бузулуулар аныкталган.
Транспорт министрлигинде 2,2 млрд сомдон ашык каржылык бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылга карата Эсептөө палатасы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана карамагындагы мамлекеттик ишканаларда республикалык бюджеттин аткарылышына аудит жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 2 млрд 251,5 млн сомду түзгөн каржылык бузулуулар аныкталган.
Анын ичинен 2 млрд 81,1 млн сом калыбына келтирүүгө тийиш деп табылып, аудиттин жүрүшүндө 1 млрд 668,4 млн сом бюджетке кайтарылган. Каражаттын басымдуу бөлүгү бухгалтердик эсеп аркылуу жөнгө салынса, 1,2 млн сом накталай түрдө кайтарылган.
Аудит көрсөткөндөй, бузуулардын негизги бөлүгү негизги каражаттарды эсепке алуу жана амортизация тартибин бузуу менен байланышкан.
Мындан тышкары, бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон айып пулдар жана туумдар өз убагында өндүрүлбөгөн, анын суммасы 245,6 млн сом экени аныкталган. Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка төлөмдөргө байланыштуу 150,2 млн сом ашыкча чыгым кетирилгени да белгиленди.
Курулуш жана капиталдык салымдар жаатында да кемчиликтер чыгып, 61,1 млн сомго бузуу аныкталган. Анын ичинде айрым объектилерде иштердин көлөмү негизсиз жогорулатылып, аткарылган иштердин сапатына байланыштуу дефекттер табылган.
Эсептөө палатасы аныкталган кемчиликтерди жоюу, келтирилген зыянды толук калыбына келтирүү жана мындан ары мындай жагдайлардын алдын алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жазма буйруктар жана сунуштар берилгенин билдирди.
Ошондой эле күнөөлүү кызмат адамдарына укуктук баа берүү маселеси мыйзам чегинде каралары белгиленди.