Бишкек, "Саясат.kg". Бишкек шаарынын Широкая көчөсүнөн белгисиз тарапка алып барып, коркутуп-үркүтүү жолу менен «баңгизаттарды таратып жүрөсүң» деген негизде видеого тартып, шантаж кылышкан
Бишкекте опузалап 400 000 сом акча талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 2026-жылдын 17-январында Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жаран Б.Ч. арыз менен кайрылган. Арызында 2025-жылдын 18-декабрында болжол менен саат 21:30 чамасында азият улутундагы белгисиз жарандар анын 2008-жылы туулган баласын Бишкек шаарынын Широкая көчөсүнөн белгисиз тарапка алып барып, коркутуп-үркүтүү жолу менен «баңгизаттарды таратып жүрөсүң» деген негизде видеого тартып, шантаж кылышканы жана андан 400 000 сом акча талап кылышканы көрсөтүлгөн.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 400 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен 2007-жылы туулган М.А., 2007-жылы туулган К.А., 2008-жылы туулган Т.К., 2008-жылы туулган Ф.А. жана 2008-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары улантылууда.